SerepTV Logo

2-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

2-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 2-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+8; Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7; Баткен облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+13; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-5, күндүз +8…+13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+4; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз +6…+8 градус болот.
edita