SerepTV Logo

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
19-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28° жылуу болот.