SerepTV Logo

19-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда түнкүсүн жана күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18, Баткенде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус болот.