SerepTV Logo

19-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
19-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунда жаан жаайт, тоолорунда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7. Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 16…18° жылуу болот.