SerepTV Logo

19-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

19-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
19-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, жаан жаайт. Жалал-Абад жана Талас облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Ош жана Баткен облустарында катуу жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл, Нарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35; Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24; Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26 градус ысыйт. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.