SerepTV Logo

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33; Нарын жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32 градус болот. Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +22…+24, күндүз +37…+39 градус болот.
edita