SerepTV Logo

19-июлдан 31-августка чейин Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезди күн сайын каттайт

19-июлдан 31-августка чейин Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезди күн сайын каттайт
19-июлдан 31-августка чейин Бишкек-Балыкчы-Бишкек багытындагы №608/609 жүргүнчү поезди күн сайын каттайт. Бул тууралуу 8-июлда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди. Поезд таңкы саат 7де Бишкек-1 станциясынан жөнөп, Балыкчыдагы станцияга саат 11:59да жетет. Ошол эле күнү кайра саат 17:15те чыгып, Бишкек-1 станциясына 22:03тө келет. Жол кире чоң кишилерге 69 сом, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 34 сом, ал эми 5 жашка чейинки балдарга акысыз (1 чоң кишиге 1 бала).