SerepTV Logo

19-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба-ырайы

19-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба-ырайы
Эртең, 19-декабрда Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгышында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус суук болот. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус болот.