SerepTV Logo

19-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17; Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +10…+15; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 градус болот. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6°, күндүз +12…+14° болот.