SerepTV Logo

"181 чакырым". Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө белсенди

"181 чакырым". Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө белсенди
22-августтан 27-августка чейин "Issyk-Kul Swim 181" долбоордун алкагында Владислав Шулико Ысык-Көлдө Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, старт бүгүн саат 07:30да Каракол шаарынын пристанынан башталды. Спортчу аба ырайынын шарттарын жана башка факторлорду эске алуу менен 4-5 күндүн ичинде марага жетүүнү максат кылган. "Владислав Шуликону коштоп жүрүүгө ӨКМ тарабынан беш суучул куткаруучу, эки моторлуу кайык саат 7:38 чамасында тартылды",- деп айтылат маалыматта.