SerepTV Logo

18-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+25. Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, эртең күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +25…+27 градус болот.