SerepTV Logo

18-октябрдан баштап жаңы автобустук каттамдар линияга кирет

18-октябрдан баштап жаңы автобустук каттамдар линияга кирет
Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, 18-октябрда дагы 30 автобус линияга чыгат. Автобустар 34, 21 жана 46-каттамдар боюнча каттайт. Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен "Эко жүргүнчүлөр ташуу" компаниясы тарабынан иштелип чыкты. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын талабы боюнча муниципалдык автобустар келгенге чейин, №21 жана №46 автобустук каттамдардын кыймылынын схемаларын "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" жеке компаниясына тейлөө үчүн өткөрүп берилди. "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсы төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдарын чыгарат: - № 21 каттам: Биримдик конушу - Бакай-Ата конушу, 10 автобустун пландуу чыгуусу; - №46 каттам: Дордой базары - Эне-Сай конушу - Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды; - №34 каттам: Шоро фирмасы - Жеңиш конушу, каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.