SerepTV Logo

18-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13, Баткенде түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11. Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +0…-2, күндүз +12…+14 градус болот.