SerepTV Logo

18-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
18-ноябрда аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.