18-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 18-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо, Чүй районунун дыйканчылык аймактарында жана Таластагы тоолордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;
Талас облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33;
Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10; күндүз +15...+20;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20 градус, күндүз +32…+34 градус болот.