SerepTV Logo

18-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын болуп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын, күн күркүрөшү болот. Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күчтүү болот. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

  • Чүй облусу түнкүсүн: +14...+19°C, күндүз: +27...+32°C

  • Талас облусу түнкүсүн: +9...+14°C, күндүз: +25...+30°C

  • Баткен облусу түнкүсүн: +16...+21°C, күндүз: +27...+32°C

  • Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн: +16...+21°C, күндүз: +16...+21°C

  • Ысык-Көл облусу түнкүсүн: +11...+16°C, күндүз: +18...+23°C

  • Нарын облусу түнкүсүн: +10...+15°C, күндүз: +19...+24°C

Бишкек шаарында – булуттуу аба күтүлөт, кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн: +16...+18°C, күндүз: +27...+29°C.

Чолпон-Ата шаарында – кыска мөөнөттүү жаан, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн: +14...+16°C, күндүз: +18...+20°C.

info