SerepTV Logo

18-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19; Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +13…+18; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2 градус болот. Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +16…+18° болот.