SerepTV Logo

17-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектери менен тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусу:
    түнкүсүн +7...+12°С,
    күндүз +17...+22°С

  • Талас облусу:
    түнкүсүн +5...+10°С,
    күндүз +16...+21°С

  • Баткен облусу:
    түнкүсүн +9...+14°С,
    күндүз +21...+26°С

  • Ош, Жалал-Абад облустарында:
    түнкүсүн +10...+15°С,
    күндүз +22...+27°С

  • Ысык-Көл облусу:
    түнкүсүн +6...+11°С,
    күндүз +15...+20°С

  • Нарын облусу:
    түнкүсүн +7...+12°С,
    күндүз +17...+22°С

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн  +10…+12°С, күндүз +20…+22°С.

edita