SerepTV Logo

17-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
17-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.