SerepTV Logo

17-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

17-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 17-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3; Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3; Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3; Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус суук, күндүз +1…+3 градуска чейин жылыйт.
edita