17-март. Быйыл Аксы окуясына 19 жыл болду
Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 19 жыл болду.
Белгилей кетсек, Аксы окуясы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кеткенине нааразылыктан чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. Алты киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы бир жаран көз жумган.