SerepTV Logo

17 жаштагы Динара Абденова изделип жатат

17 жаштагы Динара Абденова изделип жатат
Сокулук РИИБдин кызматкерлери 2004-жылы төрөлгөн Абденова Динара Русланбековнаны издеп жатышат. Ал Маловодное айылындагы үйүнөн 3-апрелде чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын бою 165-170 сантиметр чамалуу, чачы кара жана узун. Ошол күнү кара түстөгү куртка, кара түстөгү кыска юбка, көк түстөгү кофта, ак өңдөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Динара Абденова буга чейин да бир нече жолу үйүнөн качып кетип, милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Айрым маалыматтар боюнча, ал учурда борбордогу кафелердин биринде официант болуп иштейт. Динара тууралуу маалыматы бар жарандар Сокулук РИИБдин милиция кызматкерлери менен (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0708 89 13 14 номурлары аркылуу байланышса болот.