SerepTV Logo

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +32…+37; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30; Нарын жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29 градус болот. Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38 градус болот.
edita