SerepTV Logo

16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11; Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9. Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 5…7° жылуу болот.