16-мартка карата коронавирус 73 адамдан жаңы аныкталды, бирөө каза тапты
Кыргызстанда 16-мартка карата коронавирус жуктурган 73 адам жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, эң көп учур Чүй облусунда катталган:
- Бишкек - 23;
- Ош - 2;
- Чүй облусу – 40;
- Ош облусу - 2;
- Нарын облусу - 1;
- Ысык-Көл облусу – 3;
- Баткен облусу - 2.