SerepTV Logo

16-майдан тарта Орусияда мыйзамсыз жүргөн бардык Кыргыз жарандары депортацияланабы? Элчиликтин жообу

16-майдан тарта Орусияда мыйзамсыз жүргөн бардык Кыргыз жарандары депортацияланабы? Элчиликтин жообу

Биздин редакцияга жеке кат менен Орусияда иштеген жарандар кайрылышты. Анда "Орусияда жүргөн чет элдик жарандардын документинин мөөнөтүн узартуу мораторийи 15-майда бүтөт экен. Бул датадан кийин Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн депортацияланат" деген маалыматты тактап берүүнү суранышкан эле.

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине байланышты. "Эгерде алар салык төлөшсө, анда алар катталган. Сиздин иштегениңизди тастыктаган документтер болушу керек. Бул Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмү менен байланышууга жана каттоону узартуу жөнүндө арыз берүү үчүн негиз болушу мүмкүн.

Кыргыз жарандары үчүн акыркы мөөнөт 2021-жылдын 15-мартында коюлгандыгына карабастан, Орусия тарап миграциялык тарыхты изилдеп жатып, 2021-жылдын 15-июнуна чейин кайрылган Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына жеке мамиле кылууга даяр экендигин билдирди.

Эгерде жаранда майда административдик мыйзам бузуулар болсо, ошондой эле эгерде учурда ал эмгек ишмердүүлүгү менен алектенип жаткандыгын тастыктаган документтер болсо, анда ал миграциялык реестрге кайрадан катталышы мүмкүн", - деп элчиликтен жооп беришти.