"16 күндөн бери дайынсыз" деген апанын небереси табылды
Буга чейин апанын "Неберем 16 күндөн бери дайынсыз" деген видео кайрылуусу жарыялаган. Баткен ОИИБ маалымат таратып, өспүрүм Андарак милициясы тарабынан Оштон аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин билдирди.