16-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 16-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад дыйканчылык аймактарда, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;
Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;
Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +30…+32 градус болот.