Айрым жерлерде кар жаайт. 16-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Бүгүн, 16-декабрдын биринчи бөлүгүндө көпчүлүк аймактарда, экинчи жарымында айрым жерлерде кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -4...-9, Талас жергесинде -3...-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...-5 градус, ал эми Ысык-Көл аймагында -1...-6, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус суук болот.
Бишкекте -4...-6, Ошто 0...-2 градуска чейин суук болору күтүлөт.