SerepTV Logo

16-18-сентябрда өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт

16-18-сентябрда өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-сентябрдан 18-сентябрга чейин аба ырайы кескин өзгөрөт.

Бул күндөрү айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, кээ бир жерлерде жаан-чачын күчтүү болот.

16-сентябрда күндүз, ал эми 17-18-сентябрда абанын температурасы төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11°, күндүз +17…+22° жылуу,

  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7°, күндүз +15…+20° жылуу,

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +9…+14°, күндүз +20…+25° жылуу,

  • Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9°, күндүз +15…+20° жылуу,

  • Нарын облусунун дыйканчылык зонасында түнкүсүн +2…+7°, күндүз +16…+21° жылуу,

  • Тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5°, күндүз +9…+14° жылуу,

  • Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз +1…+6° жылуу болот.

ӨКМ белгилегендей, мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле малды жайыттарда кармоо жана багуу шарттарын кыйындатат.

edita