SerepTV Logo

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32; Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +27…+29° жылуу болот.
edita