SerepTV Logo

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 27…29° жылуу болот.
info