15-марттан тарта Бишкектин айрым көчөлөрүндө кыймыл убактылуу чектелет
Март айынын ортосунан тарта Бишкектин айрым көчөлөрүнүн тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелет. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-марттан тарта Кытай грантынын эсебинен баш калаанын ички жолдорун оңдоо кайра жанданат. Мындан улам, көчөлөрдүн 14 тилкесинде автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Чектөө киргизиле турган көчөлөр:
- Каркыра көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушуна чейинки тилкеси;
- Түгөлбай Ата көчөсүнүн Ибраимовдон Орозбековго чейинки тилкеси;
- Айбийке көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушундагы темир жолго чейинки тилкеси;
- Ажыбек Баатыр көчөсүнүн Жунусалиевден Манас проспектине чейинки тилкеси;
- Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Масалиев көчөсүнө чейинки тилкеси (Арча-Бешик конушу);
- Стадион көчөсүнүн Абдрахмановдон Магистралга чейинки тилкеси (Ынтымак конушу);
- Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махатма Гандиден Тоголок Молдого чейинки тилкеси;
- Ташкент көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдого чейинки тилкеси;
- Новая көчөсүнүн Ленскаядан Жеңиш конушуна чейинки жана Жеңиш конушундагы тилкеси;
- Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан Баатырга чейинки тилкеси;
- Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкинден Каралаевге чейин;
- Фере көчөсү Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейин;
- Буденый көчөсү. Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектисине чейин;
- Огонбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.