SerepTV Logo

15-мартка карата аба-ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

15-мартка карата аба-ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
Эртең, 15-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, күндүз тоолуу аймактарда жаан, Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6; Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0….5; Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаап, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 градус, күндүз -1…-3 градус суук болот.  
Unknown Author