SerepTV Logo

15-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

15-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 15-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24; Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24; Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18; Бишкек шаарында күндүз жаан жаабайт. Кечинде бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +22…+24 градус болот.