SerepTV Logo

14-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.