SerepTV Logo

14-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +30…+35; Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +29…+34; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26; Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз +8...+13. ​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус болот.