SerepTV Logo

14-февралда 30 түгөй никеге турушат

14-февралда 30 түгөй никеге турушат
Өлкө боюнча никесин 14-февралда каттатуу үчүн 30 түгөй арыз берген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган күнү Бишкектен 22 түгөйгө, Оштон 8 түгөйгө нике күбөлүгү берилет. Ошондой бул күн, жекшембиге туш келип, иш күнү болгондуктан, каттоо бөлүмдөрү иштебейт. Бирок никеге туруу иштери  Бакыт өргөөлөрүндө жүрө берет. Белгилей кетсек, 14-февраль – сүйүшкөндөрдүн майрамы катары белгиленип келет.
Unknown Author