SerepTV Logo

14-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

14-августка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 14-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +22…+27; Талас облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20…+25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23; Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24; Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.