SerepTV Logo

13-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

13-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 13-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +6…+11, Бишкек шаарында 13-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.