SerepTV Logo

13-майда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-майда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан-чачын болушу ыктымал. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33; Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24; Нарында түнкүсүн +2...+7; күндүз +18... +23. Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +14...+16, күндүз +30...+32 градус болот.