SerepTV Logo

13 күн мурун жоголгон 17 жаштагы кыз табылды

13 күн мурун жоголгон 17 жаштагы кыз табылды
Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек кызды тапты. 27-июлда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал 17-июлда түн ортосунда жумуштан чыгып, дайынсыз болуп жаткан 2004-жылы туулган кызы Б.Кны табууга жардам сураган. Бул факты Ленин РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, керектүү издөө иштери жүргүзүлдү. Милиция кызды 30-июлда Д.Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен тапты. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери кызды ата-энесине өткөрүп, алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык маек өткөрүштү. Учурда милиция иштин жагдайларын иликтеп жатат.