SerepTV Logo

13 жаштагы Айхана Усуржанова изделүүдө

13 жаштагы Айхана Усуржанова изделүүдө
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, 2012-жылы туулган Усуржанова Айхана Тилековна изделүүдө. 28-ноябрда анын апасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, 25-ноябрда кызы Адилет жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Азыркы убакка чейин анын кайда экени белгисиз. Бул факты каттоого алынды. Белгилери: бою болжол менен 155–160 см, орточо дене түзүлүштө, чачы кара. Милиция Айхана Усуржанованын кайда экенине байланышкан кандай гана маалымат болбосун төмөнкү номерлерге билдирүүнү суранат: 0(500)-43-28-15 жана 102.