SerepTV Logo

13-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

13-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 13-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12; Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +8…+13; Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10; Нарыноблусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз +2…+7; Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус болот.
edita