SerepTV Logo

12:00. БШКга эки саатта 25 даттануу түштү

12:00. БШКга эки саатта 25 даттануу түштү
Эртең менен саат 9:30дан 12:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузуулар тууралуу 25 кайрылуу түштү. Бул туурасында БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, учурда 12 даттануу аныкталып бүттү, калганы текшерилип жатат. Ошондой эле ал Ош шаарында бир партия шайлоочуларга акча таратып жатканы жана Бишкекте бюллетендер таштанды урнасына ыргытылганы туурасында ЖМКга чыккан маалыматтар териштирилип жатканын белгиледи. Аны менен катар Ошто жарандардын бет кабына белги коюп добуш берүүгө киргизүү боюнча айтылган факт да каралууда. Аныкталган 12 мыйзам бузуунун түрлөрү:
  • административдик ресурс колдонуу – 1;
  • үгүт иштеринде бузуулар – 4;
  • бюллетенди сүрөткө тартуу – 1;
  • АСУнун жанында белгисиз адамдардын турушу – 2;
  • шайлоо участкасынын кызматкерлерине карата даттануу – 4.
Мындан сырткары, ИИМге 12 даттануу түшкөнү маалым болду.
edita