SerepTV Logo

12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
12-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17, Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот. Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 14…16° болот.