SerepTV Logo

12-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун бир катар аймагында жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, туман түшөт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9, Баткенде түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9. Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.