12-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31;
Баткен облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +29...+34;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +29...+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +29…+31 градус болот.