SerepTV Logo

12-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
12-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдүн батыш тарабында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3 Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 1…3° болот.