SerepTV Logo

12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-декабрда өлкө аймагында -23 градуска чейин абанын табы төмөндөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн  -9…-14, күндүз 0…5, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2 градус суук.